"Эне-Сай" конушундагы көчөлөрдүн баткагынан эл кыйналууда
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан "Эне-Сай" конушундагы көчөлөр баткак болуп, жергиликтүү тургундар үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Жергиликтүү бийликтен эч кандай жардам болбогондуктан "Элдик репортер" долбооруна кайрылышкан. 

"Шагыл төгүп беришсе болот эле, баткактан баса албай калдык. Балдарыбыз ушул жол менен күнүгө эптеп сабакка барып келишет. Биздин конушка келип, биздин жашообузду көрүп, акимчиликтен элге жооп алып берсениздер жакшы болот эле кыйналдык",- деп конуш тургуну билдирүү калтырган.