Душанбе Кабул менен аба каттамын токтотууга ниеттенүүдө
Новость

Тажикстанда 26-февралдан тарта Жапония, Түштүк Корея, Италия жана Ирандан келген жүргүнчүлөр карантинге алынат. Мындай чара коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн жасалууда.

Тажикстан саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода “Озодиге” билдиргендей, мындан тышкары тажик бийлиги Кабул менен аба каттамын токтотуп, ооган-тажик чек арасында көзөмөлдү күчөтүү маселесин кароодо.

Ооганстандын Иран менен чектеш Герат провинциясында инфекцияны жуктурган алгачкы учур катталган. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, Иранда илдетти жуктургандардын саны 139га жетти, 19 киши коронавирустан көз жумду. Иран адам өлүмү боюнча Кытайдан кийин эле экинчи орунда турат. Тажикстан 25-февралдан тарта бул өлкө менен аба каттамын токтоткон.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясын 81 миң киши жуктурду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө коомчулугу коронавирус пандемиясына даяр турушу керек экенин эскертти. Оорунун Түштүк Корея, Италия жана Иранда жайылышы адистердин тынчсыздануусун жаратууда.

Бир күн мурун тажик бийлиги Ооганстан жана Өзбекстан чек арасында көзөмөлдү күчөткөнүн кабарлаган. Ооганстандан келген бардык кишилер аэропортто санитардык көзөмөлдөн өтүп, дене табы текшерилип, каттоого алынууда.