Бишкек шаарындагы Лущихина менен Черноморский көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктын ичине тыгылган чоң таштар көйгөй жаратууда. Көрүнүп тургандай, ылдый жакка сууну азайтып жиберүү үчүн жергиликтүү элдер арыктын ичине чоң таштарды коюп, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине кыйынчылыктарды жаратууда.