POST1RIGHT
Монголия коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүүгө байланыштуу Кытай тарапка колдоо көрсөтүп 30 миң кой курмандык кылды.
Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге расмий түрдө өткөрүп берди. Өз сөзүндө кытай лидери Монголиянын президентине ыраазычылык билдирип, өлкөдө коронавирустун жаңы түрү катталгандан кийинки расмий визит менен келген алгачкы президент болгонун, жана мындай кыйынчылык кырдаалда көргөзгөн көмөгү өзгөчө бааланып, мындай иш-аракеттер эки өлкөнүн достук мамилесин мындан ары дагы бекемдээрин айтты.