Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктуруп алгандар жок
Новость

 Илдетти аныктоо боюнча 919 изилдөө жүргүзүлүп, вирустун белгилери аныкталган эмес. Абалды курамында Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, Чек ара кызматы бар коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча түзүлгөн республикалык штаб көзөмөлдөөдө. 

Адистер коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында жарандарды адамдар көп топтолгон кафе, ресторан, базар, соода түйүндөрү сыяктуу жайларга барууну азайтууну эскертет.