Түп: жолдор тазаланбай жол кырсыктар катталууда
Новость

POST1RIGHT

Видеодо көрүп турган, Түп районунун Ой-тал жана Кичи-Өрүктү айылынын ортосундагы жол. Суу каптап жатканына бир айга жакындады. Суу тоңуп, музга айланып, жол тайгак болуп, унаалар кырсыкка учуроодо. Жол тазаланбайт бизде кыш айларында. Жол тайгак деген да белги коюлган эмес,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.