Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 29-февралда тараткан маалыматка караганда, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында О.Б кармалган. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 2-мартта Бишкекте өтчү митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга чакырган.
«Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет» деп айтылат маалыматта.