Коронавируска каршы дарыгерлердин машыгуусу уюштурулду
Новость KTRK/videograp

“Манас” аэропортунда коронавируска каршы дарыгерлердин машыгуусу уюштурулду. Бейтаптын ролун аткарган адамга карата учактан түшкөндөн тартып, текшерүүдөн өткөрүү, дарыгерлердин кеңеш берүүсү, обочолонгон бөлмөдө кароо жана аны ооруканага жеткирип, жайгаштыруу иштери көрсөтүлдү. Дарыгерлердин даярдыгына тиешелүү мекеме жетекчилери күбө болуп, анын жыйынтыгы менен кошумча сунуштар даярдалууда. 

“Кооптуу абалга даяр болушубуз керек. Ошондуктан текшерүүнүн кылдаттыгына байкоо салдык. Чет элдик жаранга карата котормочу кошо иштеди",-деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков.