Коронавирус дартынан жабыркагандарды колдоо максатында иш-чара өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Борбор калаадагы китепканалардын биринде коронавирус дартынан жабыркагандарды колдоо максатында китеп өнөктүгү болуп өттү. 

Иш-чарага студенттер, саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттары катышты. Анда акциянын катышуучуларына коронавирус дарты тууралуу, анын келип чыккан себептери жана тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилип, дарыгер адистер жугуштуу оорулардан сактануунун жана алдын алуунун жолдорун айтып беришти. 

Иш-чаранын алкагында китеп сатуу акциясы да өткөрүлдү, ага ылайык бул күндөрү китеп сатуудан түшкөн бардык каражат Кытай Эл Республикасына бул оор илдет менен күрөшүүгө жардам катары которулмакчы.