POST1RIGHT
Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине качан келбе кезек күтүп турган элди көрөсүң,- деген автор "Элдик репортерго" кайрылган. Бул жерге акча төлөгөнү келсең, элдер үчүн эч кандай шарт жок. Жолдору баткак, унаа токтотуучу жай да жок, көчөгө токтотуп киресиң. Ал эми кызматкерлердин атайын унаа токтотуучу жайы бар. Ал жер бош эле турат. Ушундан кийин менде жергиликтүү бийликке суроо пайда болду,- булар эл үчүн иштейби, же элдер булар үчүн иштейби,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.