Араван: чачылган таштанды, сайга кошулган канализациянын саркынды суусу
Новость

POST1RIGHT

Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Б. Айдарбеков көчөсүндө таштандылар чачылып жатат. Таштындылар такыр тазаланбайт, шамал болгондо бул жактагы көп кабаттуу үйлөрдү каптап жатат. Көчөнүн төмөн жагында сай бар, ал сайдан биз суу ташып ичебиз, ушул сайга жогору жакта турган турак үйдүн канализациясынын саркынды суусу агып келип кошулууда. Таштандынын жанында эле балдар аянтчасы бар. Таштандыны бул жакта жашаган тургундардан тышкары башка элдер да келип таштап кетишүүдө. Кимге кайрыларыбызда да билбей калдык,- деген автор, Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.