POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүнүн тургундары көйгөйлүү маселеси менен "Элдик репортерго" кайрылышкан. Профсоюз менен Садыгалиев көчөсү кесилишкен жердеги жолдун боюн оор жүк ташыган унаалар, унаа токтотуучу жай кылып алышкан. Жолду тороп бизге коопсуз жагдай жаратып жатышат. Күнү-түнү токтоп турушат. Тазалыкты да сакташпайт, таштандыларды таштап кетишет. Жолду да талкалап бүтүрүштү,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.