Коронавирустун алдын алуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. 

Жыйында белгиленгендей, 2-мартка карата республикада коронавируска чалдыккандар жок. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болуп турушат. 

Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлиги Япониядагы "Diamond Princess" саякаттоочу кемесиндеги кыргызстандык жаранды экинчи ирет текшеришкенде, вирус аныкталбаганын, ал ооруканадан чыгарылып, учурда Токио шаарында экенин маалымдады. Штабдын мүчөлөрү эл көп жыйналган жерлерден мүмкүн болушунча оолак болууну, көп сандагы адамдар катышкан иш-чараларды чектөөнү сунушташат. Штаб ошондой эле көпчүлүктү жарандык жоопкерчиликти эстен чыгарбай, коомду дүрбөлөңгө салган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырды.