Баш калаада санитардык полигон ушул жылдын декабрь айында ишке кирет
Новость

Бишкек шаарындагы санитардык полигон 2020-жылдын декабрь айында ишке кирет. Учурда полигондун курулушунун 60 пайызы соңуна чыгып калды. Буга кошумча аталган жерге эл аралык стандартка ылайыкталган таштанды иргөөчү завод салып бүткөрүү пландалууда. Ал жерге 100дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу каралган.  

Эске салсак, долбоорду Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы мындан жети жыл мурда эле каржылоого алган. Ушул аралыкта ар кандай себептер менен курулуш кечеңдеп келген. Жогорку Кеңеште дагы бул маселе козголуп, депутаттар санитардык полигонду тездетип бүтүрүүнү шаар бийлигине тапшырды.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"