Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 47 миң 260 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту 80 миң 151 адам жуктуруп алса, 2943ү каза болду. Бир суткада Хубэй провинциясында аталган илдеттен каза болгон 31 учур катталган. Алардын 24ү Ухань шаарында болгон. Ошондой эле 125 адам ооруну жугузуп алган жана 2 миң 742 жаран айыккан.