Казакстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамын токтотту
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Казакстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамын токтотту. Мындан тышкары Азербайжан, Түштүк Корея, Япония менен болгон аба каттамдарынын саны кыскартылды. 

Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов билдирди. Мындан тышкары Түштүк Корея менен болгон авиакаттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азайтылды. 5-марттан тарта Нур-Султан - Токио аба каттамдарын жумасына экиден бирге түшүрүү пландалууда. Ирандын Саламаттык сактоо миинстрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясын 385 адам жуктуруп алды, илдетке чалдыккандардын жалпы саны - 978. Өлгөндөрдүн саны 54кө жетти. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул вирус 60тан ашык өлкөгө тарады.