“Ала-Тоо” аянтынан митингден кийин бир тоннага чукул таштанды чогултулду
Новость KTRK/videograp

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан митингден кийин бир тоннага чукул таштанды чогултулду. “Тазалык”кызматынын маалыматына ылайык, тазалоо иштерине аталган мекеменин 23 жумушчусу тартылган. Ал эми шаардык ичи иштер башкармалыгы 2-марттан 3-мартка караган түнү тынч өткөнүн маалымдады. Мектеп, бала бакча жана башка мекемелер өз тартибинде иш алып барууда.