POST1RIGHT
Нарын облусунун Кара-Кужур айыл аймагындагы жолдун абалы тууралуу билдирүү келген. Буга чейин дал ушул жол боюнча "Элдик репортерго" бир нече жолу билдирүү келген. Бирок ушул убакытка чейин көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт.
Айылыбыз тоолуу болгондуктан, климаты катаал, жер кыртышында эч нерсе бышпайт, бышмак турсун бак-дарак өспөйт. Жергиликтүү тургундар соода-сатык, документ иштерин бүтүрүш үчүн, күнүмдүк тиричилик иштери менен айылдан 100 км алыстыктагы Кочкор районуна, андан да алыс жайгашкан Нарын шаарына ушул азапты жээдирген жол менен каттоого аргасыз. Айыл өкмөт, аким, губернаторлордон таптакыр дайын жок. Же алар башка жол менен каттайбы билбейбиз. Жыл сайын унаанын салыгын төлөгүлө дейт, аны убагынан кечиктирбей төлөйбүз. Биринчи жолубузду оңдоп беришип, анан салык чогултушса,- деп ачуулган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.