Беш-Күнгөй айылындагы кооптуу жол
Новость

POST1RIGHT

Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылындагы Проектируемая көчөсүндөгү жол өтө эле кооптуу абалда. Бул көчө мындайча айтканда жарда орун алган. Ушул жол менен өйдө чыгабыз. Мектеп окуучулары да ушул жол менен басышат. Жамгыр жааганда жол ылай болуп, басканда тайгаланасың. Жолдун бир тарабында арык өтөт. Арыктын эки чети тосулган эмес. Суу көп келгенде ташып жолго куюлат. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Өтө эле кооптуу абалда. Тийиштүү органдарга жеткирип койсоңуздар,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.