POST1RIGHT
Беловодское айылындагы Добровольский көчөсүндө таштанды таштоочу урналар жоктугунан, таштандылар ар тарапка ташталууда. Шамал болгондо таштандылар учуп кайра эле турак үйлөрдү каптайт. Таштандылар убагында тазаланбайт. Таштандынан 50 метр аралыкта эле балдар ойноочу аянтча бар, андан ары даарыкана, оорукана, бала бакча жайгашкан. Аларда таштандыларын ушул жерге алып келип ташташат. Айыл өкмөт, тазалыкты карагандар иштебейт бизде,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.