Билим берүү министрлигинин алдында “Окуу китеп” борбору түзүлдү
Новость

Окуучуларды сапаттуу окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн Билим берүү министрлигинин алдында “Окуу китеп” борбору түзүлдү. 

Адистердин айтымында, китептердин сапатын жакшыртуу үчүн аталган борбордун иштөөсү маанилүү. Ал 4 баскычтын негизинде жүрөт. Анда илимий изилдөө, илимий-педагогикалык изилдөө, улуттар аралык жана гендердик басмырлоо, грамматика жана мазмуну текшерилип, андан соң басмаканага жөнөтүлөт.

Нурайым Жалилова, "Биринчи радио"