Мамлекеттик тарых музейи тууралуу сот иши уланууда
Новость

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Сапар Исаков жана Мира Карыбаевага карата кылмыш иши каралып, 4 кошумча күбө суракка алынды. Башка кошумча күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 10-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча оор жагдайларды жараткан коррупция беренеси менен мурдагы премьер-министр  Сапар Исаков менен президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева айыпталып жатышат.

Жалпысынан улуттук музейди реконструкциялоодо мамлекеттке 101,6 миллион сом зыян келгени аныкталган. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"