Чет өлкөдө окууга кыргызстандыктарга жалпы 547 бюджеттик орун бөлүндү
Новость

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Беларусь, Венгрия, Кытай, Латвия, Россия, Казакстан жана Тажикстан 2020-2021-окуу жылдарына билим алуу үчүн кыргызстандыктарга жалпы 547 бюджеттик орун бөлдү. 

Ага министрлик 2019-жылдын аягында сынак жарыялаган. Маалыматка ылайык, бул орундардын басымдуу бөлүгүн 350дөн ашуунун Россия Федерациясы бөлгөн. Тандоо шарты, керектүү документтер жана сынак боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.