POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Долон айылында жол оңдоо иштери жүрүп жаткан. Бирок асфальт сапатсыз төшөлгөнүнө нааразы болгон автору "Элдик репортерго" видеого тартып жөнөткөн.
Долон айылынын жаңы жасалган жолунун кейпи ушул. Баш жагын бүтүшкөн. Жолдун аяк жагы бүтө элек. Мына мынтип асфальт талкаланып жатат. Төккөн шагылы асфальттын үстүнө чыгып, жолдор оюла баштады. Жолду көзөмөлдөгөндөр, көз кырын салып койсо бул жолго. Канчалаган каражат кетти. Текшерген адам барбы бул жолду? - деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.