POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Аул менен Элебесов көчөсү кесилишкен жериндеги унаа тыгыны боюнча автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Аул көчөсүнүн жолу союз учурунда салынган жол, негизи бул жол кенен, бирок 2 эле жол тилкеге уруксат берилген. Негизи 3 же 4 тилке кылса болот. Айдоочулар бул нерсеге нааразы болушат. Экинчи маселе бул Аул менен Элебесов көчөсү кесилишкен жерге жол чырак орнотулган. Бул жол чырактын кереги деле жок болчу. Жол тыгынын эки эсе кылып жатат. Жол чыракка жөн эле каражат кетти, - деген шаар туругуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.