POST1RIGHT
Борбор калаанын Горький менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде "Лотос" аталышындагы чач-тарачтын саркынды суулары көчөгө агып жатат. Бул тууралуу автор видео тартып "Элдик репортерго" жөнөткөн. Бул чач-тарач саркынды суу аккан түтүгүн көчөгө чыгырап койгон. Кыштата мынтип көчө агып жатты суусу. Эми жаз келип жагымсыз жыт жыттанып жатат. Мэрия эмне үчүн ушундайларга чара көрбөйт,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.