Токтогул шаарындагы автобекет менчиктештирилип кеткенби?
Новость

POST1RIGHT

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары райондук автобекетте эч кандай шарт жок деп нааразы. "Элдик репортерго" видео тартып бөлүшкөн көрүүчү автобекетте башкасын айтпаганда жада калса жаан-чачындан баш калкалап турганга жай жок деп ачууланган. Айдоочулар дагы, жургүнчүлөр дагы минтип көчөдө турат. Отуруп күткөнгө шарттар түзүлгөн эмес. Автобекеттин абалы менен эч кимдин иши жок деп кейиген жашоочу, жергиликтүү бийликти маселеге көңүл бурууга чакырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.