POST1RIGHT
Дүйнөлүк банк коронавирустун COVID-19 түрү менен күрөшүүгө алгачкы төлөм катары 12 миллиард доллар бөлө турганын билдирди. Ал эми вирустун дүйнө экономикасына тийгизген зыяны триллион даллар деп бааланууда. Бул тууралуу чет элдик "Оксфорд Экономикс" аналитикалык борборунун изилдөөсүндө айтылат. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келерин эске алганда вирус Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет? Биздин кабарчылар базардагы абал жана илдеттин экономикага тийгизген таасирине сарасеп салып көрдү.
Жолдошбек Айдаралиев кытайдан товар ташыйт. Өзү да базарда отуруп соода кылат. Анын айтымында Кытайдан келген товарлардын кору азаюуда. Өткөн жылдын аягында алып келген кол баштык, капчык, чоң куржундары эми бир айга жетет. Ага чейин чек ара ачылбаса эмне кыларын билбей турат. Учурда башка өлкөлөрдөн алып келүү жолдорун караштырууда.
Соодагерлердин көбү жаңы жылдын астында товарларды көп алып келип алышкан. Себеби Кытай чек арасы Жаңы жылдык майрам үчүн 1 айга жылда жабылчу. Азыр болсо, ошол кампага жыйып алган товарларын сатып жатышат. Ал түгөнсө ижараны кантип төлөйбүз деген суроо көбүн ойлондурат.
Кыргызстан көбүнесе коңшу Кытайдан күнүмдүк тиричиликке керектүү буюм тайымдарды, жеңил өнөр жайга зарыл болгон материалдарды ташып кирет. Ал эми курулушка жана өндүрүшкө керектүү материалдар башка өлкөлөрдөн да келет. Бирок, Кытай биздин негизги соода-экономикалык өнөктөшүбүз болгондуктан, серепчилердин пикиринде азырынча катаал каатчылык жана экономикалык ири чыгымдар тууралуу сөз кылууга эрте.
Кытайдан тарап жаткан илдеттин мындан аркы өнүгүүсүнө жана дүйнөнү кооптондурган эпидемиологиялык абалга эч ким баа бере албайт. Кандайдыр бир божомол айтуу да мүмкүн эмес. Мындай кырдаалда дүйнө өлкөлөрүн аймакка же континентке бөлүп кароого да шарт жок. Эл аралык аналитикалык борборлордун изилдөөлөрүнө ылайык, вирус дүйнө экономикасына миллиондогон эмес триллион доллар зыян келтирери айтылууда.