POST1RIGHT
Тамак-аш, азык-түлүк сатуучу соода жайлары дезинфекцияланууда. Базарларда көрүлүп жаткан санитардык чаралар коронавирустун алдын алууга багытталган. Эми соода борборлору менен дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда да зыянсыздандыруу иштери жүрөт.
Базардын тамак-аш, азык-түлүк саткан бөлүгүндө бүгүн соода болгон жок. Ай сайын жүргүзүлүп турган санитардык чараларга бул ирет өзгөчө көңүл бурулууда.
Коронавирустун пайда болушунун алдын алуу үчүн мындай жумуштар күчөтүлүүдө. Бардык базарлардын азык-түлүк сатылган жайлары зыянсыздандырылып жатат. Кытайдагы коронавирус кыргызстандыктарды да кабатыр кылууда. Андыктан алдын ала айтылган күнгө соодагерлер даяр болуп жатышат.