"Улуттук кийимдер": Африка жоолуктары
Новость www


Кийимге болгон табит жана стиль кара түстүү элдин континентинин ажыратылгыс бир бөлүгү болуп саналат. Айымдарга жарашыктуу отурган түстүү чечимдер, кездемелердин сапаттары жана универсалдуулугу мунун баары чыгыш Африканын жоолуктары менен төп келишет.


•Чыгыш Африканын жашоочуларынын эң негизги атрибуттарынын бири бул жоолук. Болгондо да ар түрдүү көлөмдө, узундукта, түстө жасалгаланган жоолуктар.


•Шука аталышындагы 10 го жакын түрлүү-түстүү жоолуктар жана 100 гө жакын тустөр менен аралашкан Кикои кооз жоолуктары бир да адамдын көңүл чордонунан алыс калбайт. Соодагерлердин айтымында аны көргөн адам сөзсүз сатып алат деп ишенишет. А түгүл абдан мүнөзү эзме, кийимдерди оңою менен жактырбаган, ажыкыс сатып алуучулардын да көңүлүнө төп келген жоолуктар сөзсүз табылат дешет.


•Африка айымдары натуура пахтадан колго иштетилген жоолуктарды гана сапаттуу, бекем жана жагымдуу болот деп мактоого татыктуу сөздөрүн байма-бай айтып келишет.


•Африкада жоолуктардын универсалдуулугу байыртадан эле белгилүү, аны башка салынуунун жолунан тышкары, кийим катары колдонуунун дагы башка ыкмаларын пайдаланып келишет.


•Жоолукту баш кийим катары гана эмес аны менен үй, батирдеги, кеңсе ичиндеги бөлмөлөрдү жасалгалашат. Өзгөчө ванна ичин, конок жана уктоочу бөлмөлөрдүн ичине кооздолгон жоолуктарды көрүп эс алгың эле келет. Ал эми жамынгыч, керебеттин үстүнө жапкыч катарында жоолуктун орду чоң экендигин айтпасак деле белгилүү болсо керек.


•Андан тышкары мындай сапаттуу чоң жоолуктардан абдан модалуу, стилдүү, кыска же узун жерге чейин жеткен юбкаларды тигишет. Эгер албетте күтүлбөгөн жерден бир жака коноко чакырылып калсаңыз, ал эми кийгенге ылайыктуу көйнөк табылбай калса, анда мындай учурда жоолуктан көйнөктөрдү тиге калуу африкалык айымдар үчүн кеп эмес.


Масаи эли Африканын отурукташкан, ошол жердин түпкү жергиликтүү тургундары болуп саналат. Алар Кениянын түштүгүндөгү Саванада жана Танзаниянын чыгышында жашашат. Канча кылым өтүп цивилизация алардын маданиятын канчалык калчабасын, алар өз маданиятын сактап, мал-чарбачылык менен тиричилик кылып келишет. Африкада аскердин эң негизги кийими шука жоолуктарынын түстүү калың кездемелеринен токулат. Африкалыктардын ар бир уруусуна мүнөздүү болгон бир нече түрдүү, түстүү, ар мезгилге ылайыкташтырылган жоолуктары болот.


Көп учурда Африкада кыз-келиндер үстүнө 2-3 жоолук жамынып алгандарын жолуктурууга болот. Алардын бири денеге оролгон көйнөк, экинчиси юбка, үчүнчүсү плащ катарында кийилет. Мурда жоолуктардын ордуна өлгөн жаныбарлардын терилери колдонулган. Ал учурда көпчүлүк африка жоокерлери ийгиликтери менен жоро-жолдошторуна кооз, өзгөчө жолуккан жаныбардын терилерин көрсөтүшүп мактанышкан жана башына жамынып жүрүүнү адат кылышкан.


Масаи уруусундагы элдердин башкалардан өзгөчөлөнүп турган чакмак түрүндөгу жоолуктары карабайм деген адамды да өзүлөрүнө көңүл бурдурат. Кикои жоолуктары башка жеңил жана жарашыктуу отурат. Анын тарыхы 1-кылымда башталып өтө терең окуяларды камтыйт. Бул жоолуктар Индия океанында саякаттап жүрүшкөн араб соодагерлери аркылуу келген дешет. Ошондон тартып кикои жоолуктарынын сырткы көрүнүшү азыркы учурга чейин эч өзгөрүүсүз болуп, Кения жана Танзания аймактарында өндүрүлүп чыгып келет. Кикои жоолуктары Африканын чыгыш тарабындагы жашоочуларында абдан популярдуу. Бул жоолуктарды айымдарда жана о.э учурда эркектерден дагы көрүүгө болот. Негизи бул жоолукту башында эркектер ысык аба-ырайында шым кийиүүдөн качышып, белине байлап өзүлөрүн абдан ыңгайлуу сезгендигинен колдонушкан деп айтылат. Жоолуктун накта көлөмү 170 ке 100 сантиметр. Ал эми жууганга максималдуу температура 30 градус туура болуп эсептелинет. Үтүктөөдө 110 градустан ашпаган ысыктык колдонулат. Агартуу же күн чакчайып тийип турган жерге кургатууга болбойт. Жоолук накта пахта кездемесинен жасалгандыктан, анын денеге отурукташканы да сезгенүүлөрдү пайда кылбайт.


Даярдаган: Таттыбү Назаркулова