POST1RIGHT
Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын Токтогул көчөсүнүн жолдору талкаланган. Бул көчөдө газ промдун унаа токтоочу жайы орун алган. Андан тышкары Нур авто мектеби, мейманкалар жайгашкан. Жолунар жаман деп маршруткалар да келбей жатышат, жолдор оюлуп кеткен. Эки жыл мурун бул көчөгө президентибиз келип кеткен. Ошондо эптеп тегиздеп коюшкан. Билинбегени менен майда ишканалар көп бул көчөдө. Айыл өкмөт көрбөй жатабы билбейбиз. Мурда №108 маршрутка каттачу алар каттабай койгондон кийин азыр №315 чи маршрутка каттай баштады, бирок бир эки саатта бир келет карыган адамдар бар күтүшүп тажаганда таяктарын таянышып чоң жолго чыгышат. Тийиштүү органдарга жеткирип, ушул көчөбүздун жолун оңдоого жана маршруткаларды убактысы менен каттаганга жардам берип койсоңуздар суранабыз,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.