POST1RIGHT
Бишкек - Ош унаа жолунун 409-чакырымында мазут ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, ал дарыяга төгүлгөн. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Төгүлгөн мазуттан айлана-чөйрөгө коркунуч жаралган эмес. Окуя болгон жерге барган инспекциянын аймактык башкаруу кызматкерлери акт түзүшкөн. Териштирүү иштери уланууда.
KTRK/videograp