Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борборуна 63 мамлекеттик мекеме кошулуп, анын ичинен 44 орган бири-бири менен маалымат алмашууда.
Бул өз кезегинде кагаз түрүндө берилген маалымкаттардын санын кыскартып, калкка мамлекеттик кызматтарды алууда жеңилдиктерди түзүп жатат.