Түштүк Кореяда бир сутка ичинде 248 адамга коронавирус жукту
Новость KTRK/videograp

Түштүк Кореяда бир сутка ичинде 248 адам коронавирусту жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өлкөдө дартты жалпы жонунан 7 миң 382 адам жуктуруп алса, 51 жаран каза болгон. Түштүк Кореяда эпидемиологиялык абал жогорку деңгээлге көтөрүлүүдө. Дүйшөмбүгө караган түндө ооруну жуктурган жаңы 90 учур Тэгу шаарында катталган. 

Кёнсан-Пукто провинциясында 26 учур жана калганы башка жерлерде байкалган. Ооруканадан 166 адам чыгарылган. 17 миң 458 адамдын анализдери чыга элек. Ал эми борбору Сеулда 130, Тэгуда 5 миң 571, Кёнсан-Пуктодо 1 миң 107, Кёнгидо провинциясында 152, Пусанда 96 учур катталган.