Коронавирус: «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык келди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди, ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартта кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, ал 14 күн обочолонгон бөлмөдө болот, абалы туруктуу. Анализдери текшерилип жатат. Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3 миңден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган. 

Кемедеги кыргыз жараны 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан. Коронавирус жукпаганы аныкталып, 29-февралда госпиталдан чыгарылган.