Республикалык штаб: Өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталган жок
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу жугуштуу илдеттин алдын алуу штабынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сырттан келип жаткандар кылдат текшерүүгө алынууда жана чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Аба компаниялары менен түзүлгөн келишим боюнча, жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп, тепловизор көзөмөлүнөн өткөрүлүп жатат. Кыргызстанга чет жактан келген бардык жарандар жалпы жарандык паспорт менен гана киргизилүүдө. 

Штабдын маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал курч мамлекеттерден келгендер өлкөгө киргизилбейт. Ал эми сырттан келген кыргызстандыктар 2 апталык карантинге алынат.