Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Коронавирус жана сасык тумоодон улам борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар текшерилип жатат. Санэпидем көзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук транспортту каттамга чыгар алдында текшерүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Андан тышкары, республикалык маанидеги бекеттер жана станцияларда нөөмөттөгү адистер жүргүнчүлөр отурган залдарды, ашканаларды дезинфекциялап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдү. Соңку маалыматтарга ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 100 миңден ашты.