Сүймөнкул Чокморов атындагы 2 жыл мурун салынган мектеп урап калуу коркунучунда
Новость

POST1RIGHT

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин салынганына 2 жыл болгон, бирок мектептин дубалдары, полдорунан жарака кете баштаган. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул мектепти эртерээк көзөмөлгө алып, чара көрүшпөсө 5 жылдан кийин басып калуу коркунучунда турат. Мектеп салынып жатканда коррупция болгон, ошонун себебинен жарака кетип, жараксыз абалга туш болууда,- дейт автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.