Исфайрам айылындагы У. Исаков орто мектеби авариялык абалда
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кадамжай районунун Исфайрам айылындагы У. Исаков орто мектеби авариялык абалда турат. Мектеп 2 корпустан турат. Жалпы окуучулук 180 окуучулук орунга эсептелген. Азыркы учурда 3 сменде 467 окуучу окуйт. Мектеп 1993-жылы долбоорусуз ашар жолу менен курулган. Пайдубалы таш-бетон аралашмасынан куюлуп, дубалдары ылай менен көтөрүлүп, чатырдын конструкциясы жыгачтан тургузулуп, шыйпыр менен жабылып, сейсмикалык чаралар колдонулбай курулган. Азыркы убакта мектептин пайдубалы чөгүп, бөлмөлөр ным тартып, дубалдары жарака кетип, полдору чирип калган. Жогорудагы көрүнүштөр кайталана берсе, имарат туруктуш бере албай, урап, 467 окуучунун өмүрүнө залакасы тийип калуу коркунучунда турат.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.