Өзгөн районунун Көлдүк айылынын тургундары айыл өкмөтүн ишине нааразы болуп "Элдик репортерго" кайрылышкан. Айылда көйгөлүү маселелер ушул убакытка чейин чечилбей келгени жашоочуларды өкүндүрөт. Таза суу маселесинен түйшүк тарткан тургундар, сайдан суу ташып ичип, ар кандай ооруга чалдыгып жаткандыгын айтып өттү. Жана ошондой эле 400 миң сомго курулган ажаткана, талапка жооп бербегендигин айтып, нааразы болушууда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.