Ал арада Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавируска кабылганы тууралуу маалымат аталган министрликтин сайтына жайгаштырылды. Учурда министрдин ден соолугу канааттандырарлык экенин адистер белгилешет.
Белгилей кесек аткаминер бир жума мурда Франциянынын Улуттук Ассамблеясында жыйын өткөргөн. Мындан эки күн мурда ал жыйынга катышкан депутаттардын бешөөнөн коронавирус аныкталган.
Бүгүнкү күндө Францияда 1 миң 209 адам коронвирусту жуктуруп алса, алардын ичинен 19у каза болуп, 12 адам сакайып чыккан.