Иран бийлиги 70 миң адамды убактылуу эркиндикке чыгарды
Новость www

Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин башчысы Ибрахим Раисинин айтымына таянып дүйнөлүк булактар кабарлады. Раисинин айтымында, азырынча алар коомго коркунучтуу эмес. 

Буга чейин Ирандын сот бийлиги абактан болжол менен 54 миң адам убактылуу боштондукка чыгарылаарын кабарлаган. 

Акыркы маалыматттарга ылайык, Иранда 6 миң 566 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 2134 адам сакайып кетсе, 194ү көз жумду.