Кичи Чүй каналына таштандылар төгүлүүдө
Новость

Бишкек шаарынын тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Анын айытымында, Элебесов көчөсүндөгү Кичи Чүй каналын бойлоп күн чыгыш жакка 500 метрдей басканда эле жаңы үйлөр түшкөн, дал ушул ар бир үйдүн тушуна, мындайча айтканда каналга төгүлгөн таштандыларды көрөсүң. Бул жерде таштанды урналары жок болгондуктан, мына мынтип каналга таштандыларын ташташат. Мунун кесепетинен ар кандай оорулар пайда болот. Өзүбүздүн жерибизди мынтип кор кылып жатабыз,- деген автор. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.