Нарын: Шуллер көчөсүнүн оюлган көлчүк жолу
Новость

POST1RIGHT

Нарын шаарынын Шуллер көчөсүнүн жолу тууралуу "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул көчөнүн жолу союз учурунда асфальт жол болчу. Азыркы асфальттан дайын жок. Оюлган жол менен адам басмак турсун, унаалар жүргөнгө мүмкүн болбой калган. Оюлган жерлерге кар ээрип, суу толуп, көлчүккө айланган. Жашоочулар бир нече жолу жергиликтүү бийликтен жардам сурашкан, бирок жыйынтыгын көрбөй келишет.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.