Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жайылгандан кийин курулган 14 оорукананын 11и жабылды. Ага көпчүлүк бейтаптардын айыккандары себеп болду. Калган бейтаптар коронавируска чалдыккандарды кабыл алуучу башка ооруканаларга жөнөтүлгөн.
Эпидемия башталгандан бери Кытайдагы бир катар стадион жана көргөзмө борборлору убактылуу ооруканаларга айланган. Мындай бейтапканалардын бири ЦзяоКоу тараптагы мекеме алгачкылардан болуп 1-мартта жабылган.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 114 миңден ашык адам коронавируска кабылган. Анын 80 миң 924ү Кытайда катталган. Алардын ичинен 62 миңден ашык киши илдеттен сакайган.