POST1RIGHT
Нарын облусундагы Кызарт айылынан Жумгал районуна бара жаткан жолдун ашмалтайы чыгып, учурда кейиштүү абалда. Мындай пикирин билдирген жергиликтүү тургун "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Жолдун абалы учурда мышык ыйлай турган абалда. Мынтип чуңкурдан качкан айдоочулар, районго жетиш үчүн бир нече убакыт кетип жатканын айтып өттү. Жумгалдын жолунун акыбалын көргөн эл өкүлдөрү жок дегенде грейдер менен убагында сүрдүрүп берип турса жакшы болмок,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.