Коронавирус: Кыргызстанга медициналык каражаттар жардам катары тапшырылды
Новость KTRK/videograp

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.

10 миң хирургиялык беткап, 10 миң колкап, 1 жарым миң халат, 200 коргонуучу көз айнек жана FFP2 тибиндеги 200 беткап медициналык мекемелерге жана чек арадагы санитардык текшерүү бекеттерине таратылып берилет. Коргонуу каражаттарын Санитардык-эпидемиологиялык кызмат бөлүштүрөт. Буга чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү эпидемияны алдын алуу максатында 25 өлкөгө 37 миллион доллар бөлгөн.