Өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди
Новость KTRK/videograp

Өкмөт коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. 

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай чечим «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамга, «Өкмөт жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргызстан калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды. 

Жеке жактарга, соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды. 

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик мекемелерге, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.