Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү. Коронавирустун алдын алуу максатында борбор калаадагы адамдар көп жүргөн жерлерде, коомдук транспорттордо, соода жайларда, базарларда дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлп жатат.
Борбор калаанын бардык муниципалдык мекемелери, коомдук транспорттор дезинфекцияланууда. Коомдук унаадагы кармагычтардан баштап, отургучтар жана эшиктин туткасы хлор эритмеси менен тазаланды. Унаалар желдетилип, кайрадан линияга чыгарылат. Тазалоочу каражаттардын адамдардын ден соолугуна эч кандай таасири жок. Бул боюнча айдоочуларга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. POST1RIGHT
Ошондой эле, дене табы жогору болуп, же сасык тумоонун белгилери бар айдоочулар ишке чыгарылбайт жана медициналык кароого алынат. Ал эми борбор калаада күн сайын каттамга 140 автобус, ошол эле санда троллейбустар чыгат.
Ал эми билим берүү мекемелеринде, мектептерде жана балдар бакчаларында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектеп администрациясы жана медицина кызматкерлери тарабынан вирустук инфекцияны алдын алуу боюнча жалпы шаардык семинарлар өтүүдө. Аны менен катар эле, ар бир мектепте Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун жооптуу кызматкерлери окуучуларга класстык сааттарды өткөрүүдө.
Белгилей кетсек, ушу тапта шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын алдындагы атайын штаб эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Мындай алдын алуу иш-чаралары бүткүл республика боюнча өткөрүлүп жатат. 12-мартка карата өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учур катталган жок.