Кытай коронавирустун жаңы түрүн жеңе алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү Ми Хэн маалымдады. Анын айтымында, Уханды эске албаганда Хубэй провинциясындагы бардык шаарларда бир жумадан бери вирус жуктурган бир дагы жаңы факт каттала элек.
Ал эми Хубэйден башка аймактарда вирус жуктурган жети учур катталды. Алардын алтоосу — чет өлкөдөн киргендер. Айта кетсек, акыркы бир күн ичинде Кытайда коронавирустан 11 адам каза болсо, 15 жаңы жагдай катталган. Бул башка күндөргө салыштырмалуу эң аз катталган учур болду.
POST1RIGHT
Кытайдын Ухань шаарында коронавирусту жеңгенин билдирип, медицина кызматкерлери салтанаттуу түрдө беткаптарын чечкен видео тарады. Эске салсак, алгачкы коронавирус 12-декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Эпидемия башталгандан бери Кытайда 80 миңден ашуун адам вирусту жуктурду, анын 4 миңге чукулу каза болгон.
Ошондой эле, 62 913 бейтап илдеттен айыкты. Кытайда абал бир топ турукташты, бирок вирус 120дай мамлекетке жайылды. Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын 46 миңге жакыны башка өлкөлөрдө катталган. Белгилей кетсек, дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемИя деп жарыялады.